Жалал-Абад: Окуучуларга жана мугалимдерге өзгөчө кырдаал учурунда сактануунун эрежелери  үйрөтүлдү (Фото)

Автор -
383

Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 4-май күнү, Жалал-Абад шаарынын оку жай жана балдар бакчасында кырсык учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери тууралуу практикалык сабак өттүлдү.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, практикалык сабакка  №13 Р.Азимов мектебинин 177 окуучусу жана 63 мугалими, №36 Чабалекей балдар бакчасынын 13 кызматкери, 80 тарбиялануучу катышкан.

«Өзгөчө кырдаал учурунда имараттан эвакуациялоо, өрт өчүрүү, куткаруу иштерин, ошондой эле, биринчи медициналык  жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү боюнча баштапкы аракеттер, өрт өчүрүүчү шаймандар менен иштөө боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү»,-деп жазылат маалыматта.

Жеринде ӨКМдин кызматкерлери чукул кырдаал жаралган убакта мектептин администрациясы тарабынан аткаруулучу эң биринчи иш-аракеттери, мектеп окучууларын коопсуз жайгы чыгаруу тууралуу кенен маалымат беришти.

Бөлүшүү