«Жалал-Абад периси-2018» сулуулук сынагынын жеңүүчүсүн коркутуп акча талап кылгандар кармалды (Видео)

Автор -
233

«Жалал-Абад периси-2018» сулуулук сынагынын жеңүүчүсү баш байгеге ээ болгон Т. Жасминаны коркутууга алып, андан опузалап акча талап кылгандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айыл округунун тургуну М. Г. аттуу жаран сиңдисин опузалаган кыздарга чара көрүп берүүнүн суранып милицияга кайрылган.

«2018-жылдын 17-июнь күнү болжол менен саат 13.00 чамасында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан сулуулук салонунда биринде иштеген «Тазагүл» аттуу кыз, өзүнүн эки кыз шериги менен жашы жете элек сиңдим 2001-жылы туулган Жасминаны иштеген жеринде уруп, зомбулук көрсөтүп коркутуп, эч бир себепсиз 6000 (алтын миң) сом акча алып келип бересиң деп кайра кайра телефон чалып, опузалап акча талап кылып жатат. Ошондуктан «Тазагүл» аттуу кызга жана анын шерик кыздарына карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздөрдү суранамын»,-деп билдирген жабырлануучунун эжеси.

Жогоруда аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 170-бер.(опузалап талап кылуу) 2-6. 1,2-п.п. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, тергөө-ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад областы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү бул ишти өзүнө алып, ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, “Тазагүл” аттуу кыздын өздүгүн аныктаганда, ал буга чейин да бейбаштык кылмыш аракети менен сот жообуна тартылгандыгы аныкталган.

26-июнь күнү жабырлануучу кыздан кылмышка шектүү айым 5000 сом акча алып жаткан учурда күбөлөрдүн катышуусунда УКККБ тарабынан кармалды. Учурда анын калган шериктери боюнча да тергөө ыкчам иштери улантылууда

Бөлүшүү