Жамалдинов: Кытайдан алынган насыяларга курулган башка долбоорлорду да иликтеп чыгуу керек

Автор -

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

Зиядин Жамалдинов Кытайдан алынган насыяларга курулган башка ири долбоорлорду да иликтеп чыгуу керектигин айтты.

«Мен 2 жыл мурун насыя албоо керектигин айтканымда Алмазбек Атамбаев мени эл душманы деп айтып чыккан. ЖЭБдеги көрүнүш эки жыл мурун туура айтканымды далилденип жатат. Эми ким эл душманы: ууруларбы же менби», — деди Жамалдинов.

Бөлүшүү