Жамшитов: Бакиевдерге таандык болгон «Идеал Хаус» шаарчасы боюнча 3 адам камалган

Автор -
240

Бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Жыйында депутат Данияр Аттокуров Бакиевдерге таандык болгон «Идеал Хаустун» арзандатылып сатылып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши эмне болгонун сурады.

«Идеал Хаустагы» 48 үйлөр боюнча кылмыш иши козголгон. Ал жерлер 82 миллион сомго баа ылдыйлатып сатылып кеткен. Бул боюнча учурда 3 адам камакта отурат. Аларга айыптары угузулган. Тергөө иштери жүрүп жатат. Муну аягына чыгарабыз. Бул иш прокурордун көзөмөлүндө»,-деп билдирди Жамшитов.

Бөлүшүү