Жанар Акаев: Качан миллиардды жегендерди камоого өтөсүңөр? (Видео)

Автор -
210

Бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында отчет берүүдө.

Жыйында Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев кече күнү пара менен кармалган мугалим менен миллиардды жеген паракорлорду салыштырып, чыныгы коррупционерлер качан жазага тартыларыны кызыкты.

«Жакында бир окуу жайдын кызматкери 1000 доллар пара менен кармалган. Аны жаӊылыктардан террорчудай кылып көрсөтүштү. Бирок акыркы учурда миллиарддаган көлөмдөгү коррупция боюнча иштер турат. Мисалы, Тарых музейи, ЖЭБ, энергетика тармагы. Музей сыяктуу окуяларды өзүңөр таап чыгышыңар керек да. Силерден мурун таап чыккан журналисттерге сыйлык берип рахмат деп койсоңуз болот. Качан миллиардды жегендерди камоого өтөсүңөр?»,-деди Акаев.

«Пара менен кармалган адам ким гана болбосун, кылмыш аракети далилденсе, ага тийиштүү чара колдонулат. Аталган маселелер боюнча козголгон кылмыш иштери баары аягына чыгат, буюрса»,-деп жооп кылды Жамшитов.

Белгилей кетсек кече, 29-майда Бишкекте студентинен 1000 доллар акча алып жаткан мугалим кармалган. 

 

Бөлүшүү