Жантөрө Сатыбалдиев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды

Автор -
204

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасы каралып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

2018-жылдын 20-июнунда КР УКМК тарабынан КРнын мурунку премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевге “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6- бөлүмүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айыбы тагылган.

Бөлүшүү