Жээнбеков: Элдин шайлоого болгон ишенимин жогорулаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Шайлоо системасын реформалоо жана өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын мындан ары жакшыртуу боюнча милдеттер талкууланды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун ишинин арадагы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

«Жумушчу топтун топчолорунун отурумдарынын жыйынтыктары менен Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу Стратегиясынын долбоорунун миссиясы, көз карашы, көйгөйлөрү жана стратегиялык максаттары иштелип чыккан», — деп айтты Нуржан Шайлдабекова.

Ал Стратегиянын долбоору бардык аймактарда талкууланганын, июндун аягына чейин коомдук талкууга коюлаарын белгиледи. Андан кийин долбоор өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна киргизилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушту ыкчамдатууга  басым жасап, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучтарын азайтып, элдин шайлоого болгон ишенимин жогорулаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин белгиледи.

«Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү алдын ала, кийинки шайлоого чейин киргизип,   шайлоого катышуучуларга түшүндүрүү зарыл. Партиялар жана шайлоочулар аны менен кылдат таанышып чыгып, шайлоого пландуу даярдана башташы керек. Бул элдин шайлоо системасына карата ишенимин калыптандырат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 20-марттагы  Жарлыгына ылайык,  жаңыланган жумушчу топтун курамына 2018-жылдын 1-июлунан кечиктирбей  Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамын жакшыртуу Стратегиясынын долбоорун жана ошондой эле Стратегиянын алкагында шайлоо жана башка мыйзамдарды мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгып, өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна киргизүү  милдети тапшырылган.

 

Бөлүшүү