Жээнбеков Эрдоганды Түркиянын Президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда,   Режеп Тайып Эрдоганды Түркия Республикасынын Президенти болуп кайрадан шайланышы, ошондой эле  Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

«Шайлоонун жыйынтыктары Сиз багыттаган реформаларга жана жасап жаткан иштериңизге түрк элинин көрсөткөн чоң ишеничин айгинелейт.

Сиздин тажрыйбаңыз, кыраакылыгыңыз Түркия Республикасынын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп-өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кылым карыткан достук жана өз ара стратегиялык байланыштар Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектебиз.

Сентябрь айындагы Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарыңызды жана анын алкагында Түрк кеңешинин кезектеги жыйынына катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз», -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков  Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга чың ден-соолук жана бакубаттык, ал эми бир тууган түрк элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Бөлүшүү