Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Автор -
374

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердиги жана жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимин өз учурунда аткаруу зарылдыгын белгилеп, ыкчам иш жүргүзүү жана иликтөө ишинин айрым багыттары боюнча кемчиликтерге көңүл бурду.

Мамлекет башчысы коррупция менен күрөш боюнча жумушту айрыкча ички иштер органдарында күчөтүү, көчө кылмыштарынын алдын алуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин бекемдөө боюнча иштерди жандандыруу, республиканын жарандарынын жана конокторунун коомдук жайларда жана курорттук аймактарда коопсуздугун камсыздоо керектигин белгиледи.

«Республикадагы жана биздин ар бир жараныбыздын коопсуздугу — бул ички иштер органдарынын ишиндеги эң маанилүү жагдай», — деп белгиледи Президент Сороонбай Жээнбеков.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Мамлекет башчысына өзүнүн Россия Федерациясынын Москва шаарына барып, эки өлкөнүн  ведомстволорунун  ортосунда  кызматташуунун  кеңири спектри боюнча   маселелерди талкуулоо үчүн Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушканын  маалымдады. Министр ошону менен бирге Москва шаарында  кыргызстандык таксисттин катышуусу менен болгон  жол кырсыгынын айланасындагы азыркы кырдаал тууралуу айтып берди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Мамлекет башчысына Россия Федерациясынын Москва шаарына барып, Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыктын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулоо үчүн жолукканы боюнча маалымат берди. Министр ошондой эле Москва шаарында кыргызстандык таксист катышкан жол кырсыгынын айланасындагы азыркы абал тууралуу айтып берди.

Бөлүшүү