Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек

Автор -
411

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-июлда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөрдү.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы Чечимин өз убагында аткарууда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ролу чоң экенин жана жоопкерчилигин белгиледи.

Ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот системасынын, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылганын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин Чечиминин пункттарын аткаруу боюнча жумуш жасалып жатат, бирок, дагы деле кынтыксыз аткарылчу көп талаптар калууда. Мамлекет башчысы системдүү коррупцияны жоюунун алкагында ар бир мамлекеттик орган боюнча тиешелүү талдоо даярдоону тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 1-июлунан тартып декларациялык кампания башталганын эске салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарылдыгын эскертти.

«Ар бир министрликте жана ведомстводо коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир чиновникти жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм — коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Мамлекет башчысы ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы калктан келип түшкөн ар бир арыз жана кат боюнча иликтеп, анын үстүндө иштеши керектигин, текшерүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

«Бир да арыз, же кат көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин чечкиле. Мамлекеттик органдардын жоопторунда будамайлоо болбошу керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына 2018-жылдын август–сентябрь айларына пландалган жыйынга даярданууну тапшырды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин Чечимин ишке ашыруу тиешелүү деңгээлде жүрүп жатканын айтып берди.

Декларациялык кампания боюнча 2018-жылдын 1-июлунан тартып, декларация тапшырган бардык кызматкерлер текшерилет.

«Декларацияларды текшерүүнү жөнгө салуучу бүт ченемдик-укуктук база түзүлдү. Өкмөт декларацияларды текшерүүнүн механизмин аныктаган тиешелүү токтом кабыл алган. Биринчи кезекте саясий кызматтарды ээлеген, анын ичинде Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин Аппараттарында иштеген адамдардын декларациялары текшерилет», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Ал бул текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктары 2018-жылдын сентябрь–октябрь айларында жарыяланарын кошумчалады.

Бөлүшүү