Жээнбеков: Мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекеттик орган болобу, өкмөттүк эмес уюм болобу, эмгектенген жерибизге карабай, баарыбыздын теӊ түпкү максатыбыз — өлкөбүздү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу, жалпы мекенибиз Кыргызстандын жаркын келечегине кызмат кылуу экенин баса белгиледи. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо коомдогу көйгөйлөр так аныкталат, максаттар ачык-айкын болот. Мындай өнөктөштүк иштин ийгилигине өбөлгө болот.

«Сиздерди Кыргызстандын келечек тагдырына кайдыгер карабаган, интеллектуалдык потенциалы бийик,  мамлекеттик эмес уюмдарда иштеген мамлекетчил адамдар деп билем, тааныйм. Сиздер менен жолугушуу чечими дагы мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгынан улам келип чыккандыгын баса белгилеп коёюн. Кыргызстанда демократиялык процесстердин калыптанышы, олуттуу саясий өзгөрүүлөр — мына ушул сиздердин түздөн-түз катышууңар менен болгондугун баса белгилегим келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал жарандык коомдун өкүлдөрүнө өз тажрыйба-билимин, энергиясын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына, жаратмандык позицияга багыттоону каалады. Саясий маселелерде гана эмес, өлкөнүн башка көйгөйлөрүн чечүүдө да активдүү болууга чакырды.

«Баарыбыздын милдетибиз, миссиябыз бир — Кыргызстаныбызды өнүктүрүү, анын эгемендүүлүгүн, азаттыгын, демократия баалулуктарын,  биримдигин, ынтымагын чыңдоо. Улуу залкар жазуучубуз, гуманист-ойчулубуз Чыңгыз Айтматов айткандай „Баарыбыз бир кемедебиз“. Биздин кемебиз — Кыргызстан», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал акыркы жылдарда Кыргызстанда күчтүү жарандык коом түзүлгөнүн, бул биз сыймыктана турган чоң жетишкендик экенин белгиледи. Бул потенциалды мамлекеттин кызыкчылыгында сактап, бекемдешибиз керек.

«Биз жарандык коом менен иштөөгө, өнөктөш болууга даярбыз, ачыкпыз. Конструктивдүү идея, сын-пикирлерди кабыл алабыз», — деди Президент.

Ал Мамлекет башчысы катары көп улуттуу элдин биримдигин чыңдоону өзүнүн эң маанилүү милдети деп эсептей турганын баса белгиледи.

«Жалпы улуттук ынтымак — биздин башкы приоритетибиз. Бул маанилүү иште жарандык коом чоң роль ойнойт. Мен сиздерди  өлкөбүздө тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө менен гана чектелбестен, адилеттүү бийлиги жана ынтымактуу коому бар гүлдөп-өнүккөн мамлекетти куруу үчүн алдыңкы прогрессивдүү күчтөрдү бириктирүүгө, биздин бардык ресурстарды мобилизациялоого чакыргым келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө айта келип, Мамлекет башчысы бул иш убактылуу «өнөктүккө» айланбоосу керек экенин белгиледи.

«Бийликтин бул жааттагы максаттарына жеңил баа берген көптөгөн адамдар бар экени жөнүндө кабарым бар. Бүгүн сиздер менен бирге айткым келет: Бул иш убактылуу эмес! Коррупцияга каршы күрөштү биз туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзөбүз! Биз бул күрөштү аягына чыгарабыз! Ошондуктан, урматтуу активисттер, сиздердин колдооңуздар керек. Мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал азыркы кезде чиновниктердин декларацияларын текшерүү башталганын эске салды.

«Бул жөнөкөй иш эмес экени түшүнүктүү. Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзгөн бардык өлкөлөрдө ушундай текшерүү канчалык кыйын болгону менен ал бул күрөштүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат, — деп белгиледи Президент. — Бул иште жалаң эле мамлекеттик органдардын күчү менен ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Жарандык коомдун көмөгү керек, биргелешкен иш керек».

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле сот реформасына да токтолуп, бул реформаны реалдуу түрдө, калк өз турмушунда сезгендей деңгээлде турмушка ашыруу көп күч-кубатты жана бекем эркти талап кылган өтө олуттуу маселе экенин белгиледи. Анткени бул реформа көп коррупционердин «чөнтөгүн» тарытат. Бул багытта да жарандык коомдун колдоосу өтө зарыл.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы быйылкы жылды өз Жарлыгы менен «Региондорду өнүктүрүү Жылы» деп жарыялаганын эске салды.

«Көптөгөн жарандык активисттер региондордо иш алып барып жатышканын билем. Бул чөйрөдө да мамлекет сиздердин колдооңуздарга муктаж. Социалдык долбоорлор, өнүктүрүү долбоорлору, жарандардын демилгелүүлүгүн арттыруу биз үчүн абадай зарыл. Бул багытта да биргелешип аракеттенебиз деп ишенем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө.

Бөлүшүү