Жээнбеков Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Виктор Заварзин менен жолугушту

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын Коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

«Жакында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуубузда актуалдуу маселелерди талкуулап, жетишилген макулдашуулар боюнча пикир алыштык», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташуунун бардык деңгээлинде активдүү саясий диалогду жана ошондой эле эки тараптуу парламенттер аралык байланыштар жакшы өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россиянын коопсуздукту камсыздоо, аскер жана аскердик-техникалык кызматташтык, анын ичинде ЖККУ алкагындагы кызматташуунун жана өз ара аракеттенишүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, бул багытта мындан ары кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигине ишенимин билдирди.

Эмгек мигранттары тууралуу маселеге токтолуп, Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына карата «миграциялык амнистияны» колдонуу жана аларга Россиядан сырткары чыкпай туруп мыйзам талаптарын аткаруу мүмкүндүгүн берүү тууралуу жетишилген келишимди эске салып, бул маселени чечүүдө колдоо жана жардам көрсөтүлөт деген ишенимин билдирди.

Россиянын Мамлекеттик думасынын Коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Президентинин кызматына киришкендиги менен куттуктап, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык жаңы бийик деңгээлге чыкканын белгилеп, мыйзам базаларын өркүндөтүү боюнча эки тараптуу шайма-шай иш жүрүп жатканын, бул жагдай кызматташуунун бардык тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жакшы таасирин тийгизээрин баса белгиледи.

«Парламентарийлер учурда жаңы дем менен иштей башташты. Мен көптөн бери парламенттер аралык россия-кыргызстандык комиссияны жетектейм. Биз кызматташуунун сапаттык жаңы деңгээлине чыктык деп ишенимдүү айта алам», — деп баса белгиледи Виктор Заварзин.

Бөлүшүү