Жээнбеков Япон эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин президенти менен жолугушту

Автор -
372

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-июнда Япон эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин (JICA) президенти Шиничи Китаока менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын JICA менен болгон кызматташтыгынын 25 жылдыгы менен куттуктап, бул Агенттик менен кызматташуу мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлүшүн каалады.

Тараптар Кыргыз Республикасы жана Япониянын ортосундагы ишенимдүү мамилелерди жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү канааттануу менен белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн баштап кызматташуунун бардык тармактарында достук мамилелер орнотулганын белгиледи.

«Япония Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери колдоо көрсөтүп, экономикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошууда. Биз Япон эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин ишмердигин жогору баалайбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Шиничи Китаока  ишмердигине байланыштуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болгонун жана Кыргызстан ал келген 100чү өлкө экенин белгиледи.

«Бул жагдай мен үчүн абдан чоң мааниге ээ жана Кыргызстан менин визитимдин 100чү өлкөсү болгонуна абдан кубанычтамын. Мен кыргызстандыктар менен япондордун окшоштугун байкап, абдан таң калып, толкундандым. Биз Кыргызстандагы бардык долбоорлорубуздун натыйжалуу ишке ашырылышына бардык аракеттерди көрөбүз. Биз өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурабыз жана Кыргызстан өнөктөш катары туруктуу мамилелердин өнүктүрүүдө жана долбоорлорду ишке ашырууда чоң роль ойноду», — деп белгиледи JICA президенти Шиничи Китаока.

Шиничи Китаоканын визитинин алкагында JIСАнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Кадзухико Кикучи жана Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиевдин ортосунда алмашуу ноталарына жана «Адамдык ресурстарды өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа» долбоорунун гранттык макулдашуусуна кол коюлат.

Бөлүшүү