Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Сочиге учуп кетти

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн  Россия Федерациясынын  Сочи шаарына  учуп кетти.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо  маселелери талкууланат.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия республикабыз Бирликтин алкагында эки жылдын аралыгында жетишкен негизги жыйынтыктарды чагылдырган “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык бирликтеги эки жыл. Алгачкы жыйынтыктар” аттуу докладды сунуштамакчы.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык спектрин, ошондой эле  евразиялык мейкиндикте интеграциялык өз ара аракеттенишүүнү алдыга жылдыруу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат.

 

Бөлүшүү