ЖК жыйынында депутаттар кечээ оорудан каза болгон депутат Нурланбек Кадыкеевди эскеришти

Автор -

Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйыны кечээ, 12-июнда оорудан улам 49 жашында каза болгон Жогорку Кеӊештин депутаты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевичтин жаркын элесин эскерүү менен башталды. Ал 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланган.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрүнүн атынан Нурланбек Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көӊүл айтуу менен, алардын аза кайгысын теӊ бөлүшө турганын билдирди.

 

Бөлүшүү