Жогорку Кеӊеш: Төрага Жумабеков менен депутат Момбеков кайым айтышты

Автор -
233

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

Жыйындын жүрүшүндө ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков  менен депутат Рыскелди Момбековдун ортосунда кайым айтышуу болду.

«Эмнеге жумуштан алынган адамдар улуу трибунага чыгып, сөз сүйлөйт. Дастан Жумабеков сиз туура эмес кылып атасыз. Алардын айта турчу сөзүн биз буга чейин укканбыз. Жогорку трибуна ыйык-жер!», — деди депутат.

Ага төрага: «Суроого жооп берсин деп суранганы үчүн трибунага чыгып сүйлөп атат. Бул ыйык жер болгону менен азыр Кыргызстандын тагдыры чечилип жатат. Ошого ар бирине сүйлөөгө убакыт беришибиз керек. Эмоцияга алдырбаңыз»,-деп  жооп кылды.

Ал эми депутат Масалиев эки бийликтин өкүлүн сабырдуулукка чакырды.

«Дастан Жумабеков сиз 120 депутаттын сөзүнө азыркыдай мамиле кылсаӊыз ден соолугуӊузга зыян алып келесиз. Андыктан көйгөйдү сабырдуулук менен чечели»,— деди.

 

Бөлүшүү