Жогорку Кеңеште жаңы кодекстердин авторлорунун аттары аталды

Автор -
245

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөт өкүлдөрүнөн жаңы кодекстердин авторлору ким экенин сурады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, бул боюнча Лейла Сыдыкова башында турган жумушчу топ түзүлүп, анын курамында 7 адам болгон.

“Авторлору болуп Анвар Гафуров, Гульмира Дербишева, Мыктыбек Мамышов, Алтынай Сманалиева эсептелинет. Булар кодексти иштеп чыккандар. Авторлордон депутаттар болгон”, — деп билдирди Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Бөлүшүү