ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 20 млн өлчөмүндөгү гранттык каражат натыйжалуу пайдаланылган эмес

Автор -

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 20 млн 300 миӊ өлчөмүндөгү гранттык каражат өз багытында жана натыйжалуу пайдаланылган эмес. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Кара-Кече жылуулук-электр станциясынын техникалык-экономикалык негизмемесин иштеп чыгуу үчүн каралган 3 млн доллар иштетилген эмес, мындайча айтканда, аталган документ ушул кезге чейин даярдалган жок. Эки жаӊы мектепти курууга бөлүнгөн 2 млн долларга Бишкек шаарында 1 мектеп курулган. Курулуш баасы өтө жогорулатылганы аныкталды. Трансформаторлорду сатып алууга 9 млн доллар каралса, текшере келгенде, ал 3 млн долларды гана түздү», — деп, ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Андан тышкары, гранттык каражаттын 1 млн долларына кабель, 300 миӊ долларына «Улуттук электр станциялары» жана «Электр станцияларына» эмеректер сатылып алынганы белгилүү болду. Ал эми Бишкек ЖЭБинде иштеген 20 адамды окутуу үчүн 3 млн доллар каражаттын бөлүнүшү да шек жаратпай койбойт.

Бөлүшүү