УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Автор -

Ушул жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын аймагына тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, Баткен облусунун тургуну С.К. аттуу кармалды.

Такталгандай кармалган С.К КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу МТО эммисарларынын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн. ЭТУ башчыларына ант берип, Сириядагы ЭТУ бандиттик түзүлүштөргө кошулуу максатында «джихадга» катышып андан нары Турция-Сирияга мыйзамсыз өтүүгө, башка өлкөлөрдүн ЭТУ жалданмачы тобунун катарында болуп,  андан ары Турцияга учууну пландаштырган.

Азыркы убакта УКМК органы тарабынан С.К. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) жана 395-беренси (Жалдануучулук) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө.

Кармалган адам КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү