Октябрь айында кандай аба ырайы күтүлөт- синоптиктердин жообу

Автор -
1152

Кыргызгидромет борбору  октябрь айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Маалыматка таянсак, күздүн экинчи айында суук аба ырайы күтүлөт.

Чүй жана Талас облустарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус төмөн болуп Чүй, Талас өрөөндөрүндө +7…+9, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө +5…+7 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү суук 1…3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы +10…+15тен +18…+23 градуска чейин өзгөрүлүп, кээ бир күндөрү +3…+8 градуска чейин болушу мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен баштап -1…-6 градуска чейин, күндүз +7…+12ден тарта +13…+18 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөндөп, +10…+12 болсо, тоо этектериндеги райондордо +6…+8 градуска түшөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан тарта +8…+13 градуска чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +13…+18ден тарта +20…+25 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү термометр +7…+12ни көрсөтөрү болжолдонууда.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден тарта +9…+14 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир түндөрү -1…-3 болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +8…+13төн тарта +15…+20 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Эске алчу учур — кээ бир күндөрү +1…+6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +6…+8 градус жылуу болушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2 градус сууктан +3кө чейин, чыгыш бөлүгүндө -4 градустан +1 градуска чейин болушу, күндүз +5…+10дон тарта +12…+17 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, +4…+6 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 сууктан +2 градуска чейин чыгат деген божомол бар. Ат-Башы районунда кээ бир түндөрдө аба ырайы -3…-8 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн делсе, күндүз +3…+8 градустан +10…+15 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Алай өрөөнүндө

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1° сууктан +1 градус жылуулукка чейин жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан -6…-11 градус суукка чейин, күндүз -3 жана + 2 градустан +4…+9° болуп өзгөрүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Суусамыр өрөөнүндө

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° төмөн болуп, 0…+2 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12 градуска суукка чейин, күндүз -1 … +4 градустан тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу мүмкүн.

Бөлүшүү