Ысык-Атада 13 жаштагы өспүрүм эки кишиге бычак сайды

Автор -

Ысык-Ата районун Жээк айылында 13 жаштагы өспүрүм эки кишини бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу күч органдарындагы булактарына таянып, Kaktus.media жазды.

Маалыматка караганда, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү Жээк айылында жергиликтүү жашоочулардун катышуусунда жапырт мушташ чыккан. Алдын ала алынган маалыматка караганда, айылдыктардын бир тобу аларга башка аймактан жаш үй-бүлө көчүп келгенин жактырышкан эмес. Алар жаңы айылдашынын үйү тарапка барышып, сөздөн сөз чыгып атып, мушташ башталган.

«Кол салгандар көп болгон, алар бүт үй-бүлө мүчөлөрүн сабап салышкан. Бул учурда үйдүн 13 жаштагы уулу бычакты ала калып, кол салгандардын экөөсүнө шилтеген. Бычак алардын көкүрөк тушуна жана бутуна тийген. Жабыркагандар  — 1988 жана 1994-жылы туулган жарандар», — дешкен милиция кызматкерлери.

Жабырлануучулардын бардыгы, тактап айтканда, алты киши тең Кант шаарынын ооруканасына жаткырылган.

Такталбаган маалыматка караганда, урушту кийинки күнү улантмай болушкан. Бирок аксакалдар токтотуп калган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү