Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду (Видео)

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошотту. Тиешелүү буйрукка Абылгазиев 10-июнда кол койду. Буга чейин, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган. … Читать далее Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду (Видео)