Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду (Видео)

Автор -

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошотту. Тиешелүү буйрукка Абылгазиев 10-июнда кол койду.

Буга чейин, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган.

6-июнда бир топ кабарчылар Чүй облустук мамлекеттик администрациясына барып, аткаминердин журналистке кылган мамилеси боюнча Абдраимовдун өзүнөн комментарий алышкан. Анда өкмөт өкүлү кабарчынын суроосуна жараша жооп узатканын, кечирим сурабай турганын айткан.

Кийин журналисттер жана коомдук активисттер анын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Бөлүшүү