Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтчү Олимпиадада быйыл кыргыз коомчулугу спортчулардан медалдарды күтөт. Буга чейин 9 лицензия алынса, азыркы учурда 12 лицензия утуу пландалууда. Анда эмесе спортчулардын тизмеги төмөндө.

Дарья Маслова. Жеңил атлетика

Сүрөт: sport.ru

20 жаштагы жаш спортчу Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Ташкент шаарында жеӊил атлетика боюнча Өзбекстандын Ачык биринчилигине катышып, 10 чакырымга чуркоо боюнча күчүн сынаган. Анда аталган аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүп, 2-орун менен кошо Олимпиадалык ченемин толтура алды.

Юлия Андреева (Архипова). Жеңил атлетика

Сүрөт: wikipedia.org

«Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына алгачкы катышуу укугун Кыргызстандын белгилүү күлүгү Юлия Андреева алган. Ал ушул жылдын май айында Чехиядагы марафондо 2 саат 37 мүнөт 37 секундада келе алган .
Юлия Пекинде (58-орун) жана Лондондо өткөн Олимпиадаларга (60-орун) катышкан. Жөө күлүк Юлия кыргыз марафонунун күзгүсү болуп келет. Андыктан, Бразилияда өзүнүн мыкты жагын көрсөтө алат деген ишеним чоӊ.

Арсен Эралиев. Грек-рим күрөшү

Сүрөт: sport.kg
Сүрөт: sport.kg

Азия чемпиону аталган Арсен Эралиев буга чейин Лондон-2012 олимпиадасына катышкан.
Балбандардан биринчи болуп Арсен Эралиев жолдомо алды. Ал сентябрь айында Лас-Вегаста (АКШ) өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта мыкты беш балбандын катарына кире алган.

Айсулуу Тыныбекова. Кыз-келиндер арасындагы күрөш

Сүрөт: sport.kg
Сүрөт: sport.kg

Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолдомо алган эле. Азыркы учурда, жалгыз балбан кызынан кыргыз элининин үмүтү чоң.
Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, аны 10:5 эсебинде утуп алган.

Эркин Адылбек уулу. Бокс

Көк майкачан Эркин Адылбек уулу. Сүрөт: sport.akipress.org
Көк майкачан Эркин Адылбек уулу. Сүрөт: sport.akipress.org

Эркин Адылбек уулу Кытайда өткөн лицензиялык таймашта 81 килограммга чейин салмак категориясында алдыңкы үч мыкты спортчунун катарына илинди. Үчүнчү орун үчүн мелдеште Эркин Адылбек уулу түркмөнстандык Азиз Ачилов менен беттешип, 3:0 эсеби менен утуп алган эле.

Жанарбек Кенжеев. Грек-рим күрөшү

Сүрөт:expert.kg
Сүрөт: expert.kg

Астанада өткөн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча лицензиялык эл аралык турнирде Кенжеев индиялык балбан менен кармашып, аны 8:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалдык беттеште жапон балбаны Тайчи Оканы 2:0 эсебинде жеңип, Олимп оюндарына жолдомо алган. Ушул эле турнирде Магомед Мусев менен Мурат Рамонов да лицензияга ээ болушкан.

Магомед Мусаев. Эркин күрөш

Сүрөт: sport.kg
Сүрөт: sport.kg

Чейрек финалда 97 кг салмакта Жапония, Өзбекстан, Индиядан өз атаандаштарын жеңген спортчу капчыгыбызга дагы бир лицензия алып келген. Айта кетчү нерсе, спортчу финалда Казакстандык балбан менен күрөшүп, алтын медалга ээ болгон.

Мурат Рамонов. Грек-рим күрөшү

Сүрөт:sport.kg
Сүрөт: sport.kg

Дал ушул эле турнирде казак балбанынан утулуп, күмуш медаль тагынса да жолдомо утуп алган дагы бир спортчу.

Мария Карабицкая. Жеңил атлетика

Сүрөт: kabarlar.org

Сүрөт: kabarlar.org

SIM-2015 Сибир эл аралык марафонунда уткан Мария Карабицкая 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 38 мүнөт 35 секунд убакытта чуркап өтүп, коло байгени ээлеген. Жыйынтыгында, кыргыз спортчусу Олимпиадалык лицензияга ээ болду.
Эске сала кетсек Жайкы Олимпиала оюндары 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 33 түрүнөн 306 топтом медаль ойнотулат. Ага дүйнөнүн 206 мамлекетинен спортчулар катышаары күтүлүүдө.

Алгачкы жолу Косово жана Түштүк Судан мамлекеттеринин спортчулары катышат. Учурда Кыргызстандын 9 лицензиясы бар. Анын алтоосу балбандарга, үчөө жеңил атлеттерге таандык. Дагы сууда сүүзү жана дзюдо боюнча жолдомолорду алуу пландалууда.

Андан сырткары келе жаткан Параолимпиадалык оюндарына Кыргызстандык 2 спортчу лицензияга жетишти. Алар Эсен Калиев жана Жыргал Орозбаев (экөө тең пауэрлифтинг).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү