«Кыргызфильмдин» башкы редактору Баян Сарыгулов көз жумду

Автор -

«Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редактору Баян Сарыгулов көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге анын кесиптештери билдиришти.

Алардын айтымында, сценарист акыркы учурда ооруп жүргөн.

«Баян Сарыгулов кечээ инсульт алып каза тапты. Акыркы айда ал катуу ооруп жүргөн», — дешкен алар.

Баян Сарыгулов Москвада журналисттик факультетти, Сценарист жана режиссерлор академиясын бүтүргөн. 1999-жылга чейин Кыргызстандын кинематографисттер кеңешинин төрагасы болуп турган. Жыйырмадан ашык көркөм, документалдуу жана анимациялык тасмаларда режиссер, директор жана продюсер болгон, эки жолу киностудиянын башкы редактору болуп эмгектенген.

Баян Сарыгулов — Дастан Сарыгуловдун бир тууган иниси.

 

 

Бөлүшүү