Сания Токтогазиева Telegram каналына чабуул болгонун жазды

Автор -

Конституциялык мыйзамдар боюнча юрист Сания Токтогазиева 17-сентябрда анын социалдык тармактагы жеке Telegram аккаунтуна чабуул болгонун Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бул тууралуу «Азаттык» билдирди.

 

Буга чейин адвокат Замир Жоошев да өзүнүн Telegram аккаунтуна чабуул жасалганын социалдык тармакта жарыялаган.

Сания Токтогазиева 29-сентябрда Клара Сооронкулова, Рита Карасартованын да аккаунттарына чабуул болгонун жазды.

29-сентябрда түштөн кийин саат төрттө Равшан Жээнбековдун президенттикке талапкер кезиндеги штабында иштеген Айсулуу Кудайбердиева УКМК тарабынан суракка чакырылып, кийин анын үйү тинтүүгө алынганын адвокат Нурбек Токтосунов «Азаттыкка» маалымдаган.

Буга чейин бир катар саясатчылардын, жарандык активисттердин телефону тыңшоого алынганы маалым болгон. Бир катар жарандык активисттер бул мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн айтып, ички иштер министри, башкы прокурор өңдүү кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылышкан.

Мындан кийин ИИМ октябрь окуяларын тергеп-иликтөөнүн алкагында ондогон адамдын телефону бир ай бою тыңшалганын ырастаган. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо тууралуу Биринчи май райондук сотуна өтүнүч келтирип судья аны канаттандырганын айткан. Анын сөзүнө караганда, тыңшоолор ушул жылдын 6-январынан 13-февралына чейин болгон.

Бөлүшүү