Курал Чокоев «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынан ажыратылды

Автор -
1152

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин коомчулуктун терс пикирин жараткан чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Министрликтин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушу Президенттин аппаратына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды мамлекеттик маданий иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Бөлүшүү