Улуттук банк чуусу: Фроловдун бийлик менен байланышы

Автор -

Улуттук банктын жетекчиcин алмаштырууга байланыштуу маселеде аты аталган орусиялык банкир Владимир Фролов президент Садыр Жапаровго жолукканы айтылды.

Фроловду депутат Саматбек Ибраев банк жөнүндөгү өз мыйзамына эксперт катары тартып жаткан. Башка эл өкүлдөрү чет элдик жаранды “финансылык шылуун” катары мүнөздөп, “ал Кыргызстандын финансы тармагын бузганы жатат” деп айыпташкан. «Азаттык» даярдаган баяндамасында Фроловдун бийлик менен байланышы боюнча жаззылган.

Фролов, Ибраев, Абдыгулов жана Жапаров

Владимир Фролов аттуу ысым Кыргызстандын саясий айдыңында быйыл жыл башынан тарта белгилүү боло баштады. Ал парламентте сунушталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышты.

Тагыраагы, документке байланыштуу коомдук талкууларда, жергиликтүү жана чет элдик медиаларда адистик ойлорун айтып, анын идеясын коргоп турду. Маселен, аталган мыйзамдын башкы автору, депутат Саматбек Ибраев менен Владимир Фролов 29-июнда Жогорку Кеңештин радиосуна эфирге чыкса, 16-сентябрда “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтына Фроловдун өзүнүн интервьюсу жарыяланды. 24-сентябрда парламенттин имаратында өткөн коомдук талкууга Фролов видео байланыш аркылуу пикирин онлайн билдирди.

Саматбек Ибраев баштаган мыйзам долбооруна каршылык билдирген Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов шашылыш жагдайда кызматтан алынгандан кийин, Владимир Фроловдун бул окуядагы ролу талкууга түштү.

“Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Саматбек Ибраев Фролов жөнүндө түшүндүрмө берип, ал президент Садыр Жапаров менен да жолукканын ачыкка чыгарды.

“Толкунбек Абдыгулов жаңы технологияларга тормоз болгону үчүн кетти деп дагы айтып койгум келет. Эгер бул мыйзамды кабыл алса, Бишкек үч жыл ичинде Борбор Азиянын ордосу болуп калмак. Мына ушул мыйзамды алып чыкканыбыз үчүн төрт айдан бери мени, Фроловду каралап жатышат. Фроловдун алдында Беларустун IT адистери, андан башка дагы он мамлекеттин айтишниктери турат. Аны эми криминалдык банкир кылып чыгарып койдуңар, алардын келиши кыйын. Ал кишинин Кыргызстанды бай жана бакубат өлкө кылам деген кызыкчылыгы бар. Кудайдын буйругу менен мен бул кишиге декабрь айында жолугуп калып, анын кеңеши менен көп жумуштарды жасадым. Мен бул киши жөнүндө президентке маалыматтарды бергенден кийин Садыр Нургожоевич тапшырма берип, “Бай жана бактылуу Кыргызстан” деген концепция жазганбыз. Анда реформанын үч багытын терең реформалоо каралган. Ошонун негизинде эки нерсе жасалды, Социалдык камсыздоо боюнча мыйзам, Салык кодексин жаңылоо ишке ашканы турат. Бизди каралоолорго карабай Садыр Нургожоевич бул экспертти кабыл алып, анын сунуштарын өзүнүн эксперти менен текшертип, ал туура экенине ынанып туруп, бизге колдоо көрсөтүп жатат”, — деди ал.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттык” менен байланышып, айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды.

«Бул үчүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бар”, — деди Султанбаев. Бирок мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Владимир Фролов менен жолугушкан же жолугушпаганын тактаган жок.

Фролов ким?

Саматбек Ибраевдин сөзүнө караганда Владимир Фролов Сингапурда компания иштетет, 2019-жылы АКШда энергетика тармагында киргизген долбоору үчүн “Финтех стартап” деген байге алган. Ибраев ошондой эле Орусияда алгачкылардан болуп ишке кирген Tochka.com аттуу интернет банкка да Фролов ээлик кыларын кошумчалады.

Ачык булактардагы маалыматтарда Владимир Фролов математик, финансист жана банкир экени баяндалат. Орусиянын Урал аймагындагы “Северная казна” банкына ээлик кылган, банк 2008-жылы банкрот болуп калып, башка мекеме “Альфа-Банкка” сатылган. Компаниясынын банкроттукка учурап калганы үчүн Фролов мамлекетти жана кардарларын айыптаган. Бирок Урал округунун прокуратурасы анын өзүнө кылмыш ишин козгоп, банкты башкаларга өтөрдүн алдында жашыруун жол менен акча чыгарып кетүүгө айыптаган.

Владимир Фролов мындан кийин, 2009-жылдары “Номос-банк” аттуу компания менен чогуу “Уран” деген банкты сатып алып, анын базасында “Орусияда аналогу жок банк” кылып түзүүнү мерчемдейт. Ал өзү банктын акциясынын көбүнө ээлик кылып, Директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп турат. Мекеме кийин “Инбанк” деп өзгөртүлөт жана 2012-жылы “Банка24.ру” аттуу банктын түзүмүнө кошулат.

“Коммерсант” жана “РБК” басылмалары жазгандай, 2014-жылы Орусиянын Борбордук банкы (Центробанк) Фроловдун банкын акчаны адалдоого (отмывание денег) айыптап, лицензиясын чакыртып алат. Владимир Фролов 2017-жылдары Copernicus Gold аттуу блокчейнге негизделген төлөм системасын презентация кылып, акыркы мезгилдерге чейин ушул багытта иш алып барары айтылып жүрөт.

Фролов быйыл 7-апрелде “Фейсбуктагы” баракчасына пост жазган учурда, мекени менен коштошуп, кайсы бир өлкөгө узак мөөнөттүү иш сапарга баратканын билдирген. Мамлекеттин атын жазбаганы менен анын сөздөрү депутат Ибраевдин айткандарына төп келип турат:

“Мен өлкөлөрдүн биринин жетекчилигинен (бул узак убакытка сыр болуп турат) “Бай жана бактылуу _______________ (өлкөнүн аталышы) аттуу, экономиканы модернизациялоо боюнча концепция жазып берүү боюнча сунуш алдым. Ал 35 барактан турат жана анын үстүнөн эки ай иштедим. Буга парламент депутаты менен узак убакыт боюу жүргөн сүйлөшүү негиз болду. Ал мени бул долбоорго тартуу боюнча катуу күч жумшады. Концепция менен таанышты. Мени бул долбоорду ишке ашырууга чакырышты. Эгер баары өз нугунда жүрсө жана менин сунуштарымды тосушпаса, бул буюрса көпкө чейин болот. Албетте, мен Орусияга маал-маалы менен келип турам. Бул жерде менин чоң жана ынтымактуу үй-бүлөм бар”, — деп жазган ал.

Владимир Фролов андан ары өз пикирин аталышы жашыруун калган өлкөдөгү, Орусиядагы жана Беларустагы эксперттерге окутканын, алардын баары мактап жатканын да маалымдайт. Мындан сырткары банкир концепцияны ишке ашыруу долбооруна байланыштуу мындан башка кабарларды кийинчерээк жазууга убада кылат.

Парламенттеги чуу

Ошентип, Владимир Фролов менен Саматбек Ибраев, Бактыбек Турусбеков жана башка депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорунун байланышын учкай аңдап алгандай болдук. Так ушул байланыш коомчулукта түрдүү жоромолдорду жаратып, “Улуттук банктын төрагасын кетирүүгө алып келди” деген ойлорду туудурду.

Мындай пикирди Толкунбек Абдыгуловдун арызын кабыл алган парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында бир нече депутат ачык эле айтты. Алардын ичинде Мирлан Жээнчороев буларга токтолду.

“Тилекке каршы, Абдыгуловго чоң чабуул жасашты. Биз ошого кайдыгер карап койдук. Кыргызстандагы үлкөн, кесипкөй кишиге кайдагы бир шылуундар сокку урду. Жанагы Фролов деген бул “Номос-Банк” менен байланышкан. “Номос-Банк” Кумтөрдөн көп жылдан бери алтын алып жүргөн банк. Ал киши эки банкты банкрот кылып, болгону бир машиненин баасына сатып жиберип, басып кеткен киши. Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасы “бул абдан күмөндүү киши, ал кантип кайра банк ачып алганына биз таң калып жатабыз” деп жазып жатат. Эмне Кыргызстан, ар кандай шылуундардын, көз боёмочулардын жери болуп калдыбы? Аны бул жакка алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар. Алар Улуттук банктын төрагасын айыпташканы менен өздөрү жеткен алдамчылар. Алар алдап кеткен ондогон кишилер менен мен өзүм жолуккам. Ал шылуундар президенттин атын жамынуу менен ушул ишке барганы жатышат”.

Жыйында андан кийин сөз алган депутат Саматбек Ибраев Жээнчороевге жооп берип, анын өзүн айыптады. Ибраев зарыл болсо аны менен соттошууга чейин барарын, болбосо талашты «жигитче чечип алууга» даяр экенин кошумчалады. Кайра трибунага чыккан Жээнчороев эч бир депутаттын атын атабаганын белгилеп, эгер Ибраев жооп берип жатса, демек жоопкерчиликти ал өзүнө алып жатканын айтты.

Улуттук банктын төрагасынын иштен кетүү боюнча токтомго добуш берүүнүн алдында башка бир депутат Мурадыл Мадеминов да трибунага шашылыш чыгып, кеп болгон кишилерди текшерүүнү талап кылды.

“Биздин депутат Саматбек Ибраев эки-үч айдан бери Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун тегерегинде аябай терс пиар-кампания жүргүздү. Айтпай койсом, болбойт. Ибраевдин жанында Орусиядан келген Фролов деген киши келип, үйүндө жашап жүрдү. Ал кишиге кандай маалымат бергени белгисиз. Фролов деген ким? Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети текшерсин, Орусияга суроо-талап жиберип, ал кандай максат менен Кыргызстанга келип, Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн аныктасын. Кыргызстан акыркы убакта абдан кыйын кырдаалда жашап жатат, бир гана Улуттук банк өзүнүн функционалдык милдеттерин толук аткарып, финансы тармагын туруктуу алып чыгып кетти. Эгер Кыргызстандын банк, каржы тармагы кыйрай баштаса депутат Ибраев күнөөлүү болот», — деди Мадеминов.

Кайра сөз алган депутат Саматбек Ибраев Мадеминовго да жооп берип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлигин жагдайды текшерүүнү ал да талап кыларын, иликтөө талашка чекит коёрун айтты.

“Финтех” жана акча адалдоо

Ибраев баштаган эл өкүлдөрүнүн кеп болуп жаткан мыйзам долбоору, алар өздөрү маалымдагандай биринчи кезекте Кыргызстанда Финансы технологияларын же “Финтех” түшүнүгүн киргизүүнү максат кылат.

Кыскача түшүндүргөндө, “Финтех” термини кадимки мобилдик банкинг кызматы, акча которуу, төлөм жүргүзүү жана башка функцияларды аткарган тиркемелер, криптовалюта сыяктуу нерселерди түшүндүрөт. Илимде булар азыркы банк системасынын олуттуу атаандашы катары мүнөздөлүп жүрөт.

Улуттук банктын иштен кеткен төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин жыйындарында, “Ибраевдин өзүнө татыктуу жооп берүүгө мамлекеттик кызматкердин этикасы жол бербей жатканын, кызматтан бошогондон кийин ойлорун ачык айтарын” билдирди. Отурумдан соң журналисттер суроо берген учурда “депутаттар кабыл алган токтомду колуна ала электигин белгилеп, ошондон кийин “жарыларын” айтты.

Бирок Абдыгулов сунушталган мыйзам тууралуу, андагы түшүнүктөр тууралуу терс пикирлерин буга чейинки жыйындарда деле ачык айтып келген. 29-сентябрдагы жыйында да депутаттардын суроосуна жооп бери жатып, ал жөнүндө пикирин айтуудан тайсалдаган жок.

«Бул жерде биринчи кезекте түшүнүк алмаштырылып жатат. Биринчиден, “Финансылык технология” деген атка жамынып алып ага тиешеси жок система өткөрүлгөнү турат. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген нерсе жок. Экинчиден, Улуттук банк эсеп ачып, жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да дүйнөдө жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө коркунучтуу», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Адистердин айтымында, бул системалар мыйзамдаштырылса, фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер иш жүзүндө банктын функциясына окшошураак ишмердүүлүк жүргүзөт, бирок кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот.

Андан да башка жагдай, коммерциялык банктарга ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн 600 млн. сом уставдык капитал талап кылынса, Финтехтер 100 миң сомдой каражат менен деле иш алып бара алат.

Экономист Расул Түлеевдин Финтехке байланыштуу ойлорун кайрадан ортого салалы:

“Улуттук банк аябай консервативдүү орган. Анткени ал жалпы мамлекеттин каражатын кармап турат жана негизги финансылык саясатты жүргүзөт. Ошондуктан бул жакта эксперимент жүргүзүү өтө коркунучтуу. Балким, сунушталып жаткан маселе туурадыр. Бирок аны ишке ашыруу үчүн бизде экономикалык деңгээл жогору болушу кажет. Азырынча каржы жаатында экспериментке баруудан оолак болуш керек болчу. Улуттук банк мына ушул себептен Финтехке каршы чыгышы мүмкүн эле. Финансылык технологиялар өтө өнүккөн мамлекеттерде киргизишкен, бирок бизден алдыда турган өлкөлөрдө али киргизише элек болчу. Себеби коррупция чырмап алган өлкөдө муну көзөмөлдөө кыйын, каражаттар Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгып кетет. Натыйжада каражатты көмүскө жүгүртүүгө жол ачылат, аткезчилик жана башка кылмышкерлик өркүндөйт. Акчанын көзөмөлсүз жүргүзүлүшү ошого алып келет”.

Кыргызстанда Курманбек Бакиев президенттик кылган жылдары өлкөдө сырттан кирген акча каражаттарын адалдоочу схемалар көп болгону айтылып жүрөт. Муну мурдараак ал тургай Каржылык чалгындоо кызматы деле ырастап, 2010-жылга чейин Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрү ээлик кылган айрым банктар аркылуу шектүү каржылык операциялар болгонун маалымдаган. Ал боюнча учурунда кылмыш иштери козголуп, алардын айрымдары сотко чейин жеткени маалым.

Айрыкча «Азия Универсал банк», «Кыргызкредит банк» жана «Манас банк» боюнча чет өлкөлөрдөгү офшордук компаниялар менен кызматташып, алардын акчасын адалдап берип, акча агымын Кыргызстан аркылуу кайра үчүнчү бир өлкөгө чыгарууга көмөктөшкөн шектүү каржылык операциялар аныкталганы айтылды. Мына ошого байланыштуу Кыргызстанда Максим Бакиевге байланыштуу деген негизде беш банкка тышкы башкаруу киргизилип, 2010-жылдан 2012-жылга чейин банктык операцияларды жүргүзүүгө бир катар чектөөлөр киргизилгени маалым.

Мына ушул жагдайлардан улам жаңы киргизилип жаткан Финтех аркылуу Кыргызстан кайрадан акча адалдоонун ордосуна айланып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар пайда болду.

Юрист Сания Токтогазиеванын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган пикирин дагы сунуштайбыз.

“Бөкөнтаев Бакиевдин тушунда, Кыргызстан иш жүзүндө Борбор Азияда “акчаны жуучу” борбор болуп калган учурда Улуттук банктын төрагасынын орун басары болгон экен. Жеке мен Абдыгуловдун кызматтан кетишин кайсы бир топтордун жана депутаттардын басымы деп кабыл алам. Мунун баарына эки депутаттын (Ибраев менен Турусбеков) Улуттук банк жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө демилгелеген мыйзамы жана Улуттук банкка, Абдыгуловго системалуу, негизсиз, параноидалдык жана популисттик түрдө жасаган чабуулу негиз болду. Турусбеков менен Ибраевдин мыйзам долбоору Улуттук банктын көз карандысыздык принцибинин пайдубалына сокку урат. Мындан сырткары “эл аралык” эксперт катары акчаны адалдоочу банктардын жана банкрот болуп калган банктардын директорлор кеңешине кирген орусиялык Владимир Фролов аттуу банкирди тартып жатышат. Ошондуктан «Турусбеков менен Ибраев Кыргызстанды кайрадан “акчаны жуучу же адалдоочу” борборго айланткысы келип жатабы?” деген суроо туулат», — дейт Токтогазиева.

Улуттук банктын жаңы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган. Кийин Депозиттерди коргоо агенттигин жетектеген, акыркы жылдары «Мамлекеттик лотерея компаниясынын» башчысынын орун басары болуп турган.

Бөкөнтаев парламенттеги сөздөрүндө Финтех боюнча мыйзам долбоорун изилдеп чыккандан кийин гана ойлорун айтарын, азырынча Улуттук банктын буга чейинки позициясын карманып турарын билдирди.

Бөлүшүү