Бажыдагы коррупция боюнча сот өкүмү: Райымбек Матраимов айып пул төлөйт

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата ачылган кылмыш иши каралып бүттү, деп жазат 24.kg агенттиги.

Кеңешүүчү бөлмөдөн чыккан судья Гүлзат Дыйканбаева өкүмдү окуп берди. Ага ылайык, Райымбек Матраимов «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Андан тышкары сот анын мүлкүн камактан чыгарды.

 

Эске сала кетсек, 2020-жылдын октябрында УКМК бажыдагы коррупция фактысы сотко чейинки өндүрүш баштаган. Анда 2016-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматында Райымбек Матраимов тараптан коррупциялык схема уюштурулуп, иштеп келгени аныкталган. Анын негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ал тергөө  менен кызматташууга макул болуп, мамлекетке 2 миллиард сои төлөп бергени айтылган: бир бөлүгүн — акчалай, калганын — кыймылсыз мүлк менен.

Бөлүшүү