«Кадастр» ишканасынын Сокулуктагы жетекчиси кармалды

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулуктагы филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта 2021-жылдын 10-февралында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулуктагы  филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалганы айтылат.

Такталгандай, директор  менен жетектөөчү адис жең ичинен сүйлөшүп алышып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен Жабык акционердик коомдордун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдап беришкени аныкталды.

«Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык суммага зыян келтирилген. Ошондой эле УКМК ал экөөнө карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш ишин тергеп жатат. Учурда Т.А.К. жана М.Р.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтында
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулуктагы филиалынын директору катары
Тентимишев Алайбек Качкынбаевич көрсөтүлөт.

Бөлүшүү