Кыргызстандын алтын запасы быйыл 34,2 млрд. сомго кымбаттады

Автор -

Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын кору 34,2 миллиард сомго кымбаттады. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январында өлкөнүн алтын кору 48 миллиард 834 миллион сом деп бааланып жаткан. Ал эми ноябрдын башында 83 миллиард 11,1 миллион болду. Бул — жаңы рекорд. Мурдагысы сентябрда коюлган — 82,8 миллиард.

Лондон ассоциациясынын баалуу металлдар рыногу боюнча койгон кечки баасы (дүйнөлүк баа) көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 362,8 долларга өсүп, дээрлик 1 890 долларга жетти. Сөз трой унциясы жөнүндө болуп жатат — 31,1 грамм.

Жыл башында доллардын баасы 69,51 сом болсо, 1-ноябрда 81,8 сомго жеткен.

Улуттук банктын төрагасы август айында билдиргенине караганда, алтын валюталык кор тарыхый рекорд коюп, 3 миллиард доллардан ашкан. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын Улуттук банкында 16 тонна алтын бар.

Алтын валюталык запас (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун баасын кармап турууга жардам берет. Резерв валютанын ондон ашык түрүндө жана алтын катары сакталат.

Бөлүшүү