КЫРГЫЗСТАНДА ЖАНА ДҮЙНӨДӨ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БОЮНЧА БОЖОМОЛДОР КАНДАЙ

Автор -
267

Климаттын өзгөрүшү – бул дүйнө жүзү боюнча катталган жана байкалган учурдагы глобалдык процесс. Төмөнкү график бул процессти эң сонун сүрөттөйт.

Глобалдык температуранын өзгөрүшү жана 2025-жылга чейин божомолу  (⁰С менен). [https://public.wmo.int/ru/media/пресс-релизы/день-земли-привлекает-внимание-к-борьбе-с-изменением-климата-0]

Биз он тогузунчу кылымдын ортосунан бери өлчөөлөрдүн кандай өзгөргөнүн көрүп жатабыз: Жердеги орточо температура акырындык менен жогорулап жатат. АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук агенттигинин маалыматы боюнча, планета бир кылымдын ичинде 0,8 градуска жылыды. Жылуу бир калыпта эмес (жогорку кеңдиктерде температуранын өзгөрүшү экваторго караганда дээрлик 3,5 эсе көп) жана кышында көбүрөөк байкалат.

Климаттын өзгөрүшү Арктикадагы муздардын калыңдыгынын төмөндөшүнөн да байкалат: ал 1960-жылдардагы 3,12 м-ден 1990-жылдары 1,8 м-ге чейин кыскарган. Мындан тышкары Арктикадагы мезгилдүү деңиз муздарынын жайылуу аянты 10 жыл ичинде 2,8%  орточо ылдамдык менен тынымсыз азайып келген. Ушундай эле өзгөрүүлөр акыркы жылдары активдүү талкаланган Антарктикадагы шельф мөңгүлөрүндө да байкалат. Кавказда акыркы 150 жылдын ичинде мөңгүлөр 0,8–1,7 км-ге артка жылып,  алардын аянты 16%га кыскарды.

Албетте, климат жөнүндө сөз кылып жатып, ал температура жана нымдуулук менен гана чектелбестигин эстен чыгарбоо керек. Анын пайда болушуна радиациялык жана шамал режими жана башка атмосфералык кубулуштар (мисалы, булуттуулук) салым кошот. Учурда илимий чөйрөдө климаттын өзгөрүшүнө таасир этүүчү факторлор тууралуу кызуу талкуу жүрүүдө. Маселен, көмүр кычкыл газынын концентрациясынын өзгөрүшү климаттын өзгөрүшүнө канчалык деңгээлде таасир эткени активдүү талкууланып, климаттын калыптанышында жана жөнгө салынышында табигый экосистемалардын ролу кайра каралып жатат.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн маанилүү көрсөткүчтөрү болуп мөңгүлөрдүн эриши жана терең тоолуу көлдөрдүн түбүнүн температурасынын өзгөрүшү саналат.

Төмөндө Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн эрүү картасы келтирилген.

Алтымышынчы жылдарга салыштырмалуу 2000-жылга карата Кыргызстандын муз баскан жерлердин абалынын картасы (солдо) 2100-жылга карат мөңгүлөрдүн жок болуу божомолу менен салыштырмалуу (оңдо). Көк түс менен болгон мөңгүлөр же божомолдор боюнча келечекте бар болгон мөңгүлөр белгиленсе, көк менен жок болуп кеткен мөңгүлөр белгиленген.

[Кыргыз Республикасында Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясы боюнча Экинчи улуттук билдирме, 2009-жыл.]

Климаттын өзгөрүшү биздин планетанын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана экосистемасына терең таасирин тийгизүүдө. Түрлөр жана экосистемалар глобалдык жылуулукка жооп бере башташты. Окумуштуулар 420дан кем эмес жаратылыш кубулуштарында жана биологиялык түрлөрүндө жана алардын популяциясында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөрүүлөрдү белгилешти.

Бул өзгөрүүлөр жазында эрте келип, күзүндө кечирээк учуп кетүүчү келгин канаттуулардын түрлөрүнө тиешелүү. Мезгилдин узактыгынын 10,8 күнгө көбөйүшү жаратылышта да, көзөмөлдөнчү айыл чарба тилкелеринде да өсүмдүктөрдүн өсүү узактыгына таасирин тийгизет. Көптөгөн канаттуулардын жана жерде-сууда жашоочулардын жазгы көбөйүү мезгили эрте башталып, суукка сезгич көпөлөктөрдүн, коңуздардын жана ийнеликтердин жашоо чөйрөсү түндүктү көздөй жылууда.

Жалпысынан алганда, климаттын өзгөрүшүнүн таасирин төмөнкү схема менен мүнөздөөгө болот:

Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнүн өсүмдүктөргө жана жаныбарларга, алардын жашоо чөйрөсүнө жана жаратылыш процесстерине тийгизген таасиринин схемасы [Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү. Иллюстрацияланган сереп (2020).]

Токойлордун климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасири жана климаттын өзгөрүшүнүн токойлорго тийгизген таасири өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Токойлор өзгөрүп жаткан шарттарга жай көнүшөт. Байкоолор, тажрыйбалар жана моделдер көрсөткөндөй, глобалдык орточо температуранын 1⁰Cге чейин туруктуу жогорулашы токойлордун иштешине жана курамына терс таасирин тийгизет.

Азыркы токойлордун түр курамы өзгөрөт. Ошол эле учурда түрлөрдүн жаңы айкалыштары, демек, жаңы экосистемалар пайда болушу мүмкүн. Жылытуу менен шартталган башка стресстерге зыянкечтердин, патогендердин жана өрттөрдүн көбөйүшү кирет. Жогорку кеңдиктеги аймактар ​​экватордук кеңдиктерге караганда тезирээк жылый тургандыктан, бореалдык токойлорго мелүүн алкактагы токойлор менен тропикалык токойлорго караганда терс таасирин тийгизиши күтүлүүдө. Алясканын бореалдык токой чек арасы Цельсий боюнча бир градуска температура жогорулаганда түндүктү карай 100 километрге жылып баратат.

Токойлор климаттык системада маанилүү роль ойнойт. Токойлор көмүртектин негизги топтогучу болуп саналат. Алар жер үстүндөгү өсүмдүктөрдө сакталган бардык көмүртектин 80%га жакынын жана топуракта сакталган көмүртектин 40%га жакынын камтыйт. Токойдун бир түрүнөн экинчисине өтүү учурунда атмосферага көп өлчөмдө көмүртек бөлүнүп чыгышы мүмкүн, эгерде дарактардын өлүшүнөн чыккан көмүртектин бөлүнүп чыгуу ылдамдыгы регенерациядан жана өсүүдөн көмүртек алуунун ылдамдыгынан ашып кетсе.

Токойлор ошондой эле жергиликтүү, аймактык жана континенталдык деңгээлде  климатка түздөн-түз таасирин тийгизип, жер кыртышынын температурасына, өсүмдүктөрдүн нымдуулуктун сиңишине жана бууланышына, жер бетинин тегиздигине, жердин чагылышына, булуттун пайда болушуна жана жаан-чачынга таасирин тийгизет.

Чөлдөрдөгү жана кургак жана жарым кургак экосистемалардагы шарттар өтө оор болуп кетиши мүмкүн. Сейрек учурларды эске албаганда, чөлдөр дагы ысык болушу күтүлөт, бирок нымдуулуктун деңгээли бир аз жогорулашы күтүлүүдө. Температуранын жогору болушу жылуулукка туруктуулук резервдерин дээрлик түгөткөн организмдердин жок болуу коркунучун туудурат.

Жайыт аймактарында өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн жагымдуу мезгилинин узактыгы өзгөрүшү мүмкүн. Жайыттар дүйнөдөгү малдын 50%га жакынын тоют менен камсыз кылат, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жайыт жерлери болуп саналат. Температуранын жана жаан-чачындын өзгөрүшү шалбаалардын, бадалдардын, токойлордун жана башка экосистемалардын ортосундагы чек араларды өзгөртө алат. Тропикалык аймактарда өсүмдүктөрдүн нымдуулуктун сиңирүү жана буулануу циклдеринин мындай өзгөрүшү түшүмдүүлүккө жана түр курамына чоң таасирин тийгизиши мүмкүн.

Тоолуу аймактар ​​ансыз деле адамдын иш-аракеттеринен олуттуу стресске дуушар болууда. Мөңгүлөрдүн, түбөлүк тоңдордун жана кар катмарынын болжолдонгон кыскарышы кыртыштын туруктуулугуна жана гидрологиялык системаларга андан ары терс таасирин тийгизет (негизги дарыя системаларынын көпчүлүгү тоодон башталат). Түрлөр жана экосистемалар «эңкейиш менен өйдө» жылып кетүүгө аргасыз болгондуктан, тоо чокуларында турган түрлөрдүн көчүп кете турган жери жок болушу мүмкүн жана алар жөн эле өлүп калышат.

Байкоо маалыматтары өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрүнүн өсүү чек аралары Альп тоо боорлору боюнча өйдө көздөй ар он жылда бир-төрт метрге чейин жылып баратканын, ал эми бийик тоолуу кээ бир түрлөр мурда эле жок болуп кеткендигин көрсөтүп турат. Ошондой эле айыл чарба, туризм, гидроэнергетика, жыгач даярдоо жана башка экономикалык иштерге терс таасирин тийгизет. Көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жергиликтүү калктын тамак-аш жана күйүүчү май базасы бузулушу мүмкүн.

Бул материал GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» кыргыз-герман-швейцариялык программасынын алкагында даярдалган.

Бөлүшүү