Улуттук банк 21,1 млн долларды сатыкка чыгарды

Автор -

10-декабрда Улуттук банк кайрадан интервенция жасады. Бул ирет банк валюта рыногуна 21 миллион 150 миң долларды сатты. Мындай маалымат «Акчабар» финансы порталына жарыяланган.

Ага ылайык, декабрь айында жалпысынан 36 миллион 700 миң доллар сатылганы айтылат.

Улуттук банк декабрь айынын башынан бери үч жолу интервенция жасады. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк тарабынан 29 жолу интервенция жасалып, анын суммасы жалпысынан 467 миллион 150 миң долларды түздү.

Доллардын 11-декабрь, саат 10:00гө карата коммерциялык банктардагы болгон баасы төмөндөгүдөй:

Сатып алуу – 84 сом 75 тыйын.

Сатуу – 84 сом 90 тыйын.

Улуттук банктын расмий курсу – 84 сом 80 тыйын.

Валюталык интервенция — мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.

 

Бөлүшүү