Кыргызстан мусулмандарын ким радикал кылып жатат?

Автор -
298

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн бийлигин ачык  радикалдуу ислам бийлигин ким орнотуп жатат?

“Аль-Каида” менен “Талибанды” ким колдогон? Жообун тереңирээк издеп  көрсөк , үстүндө, албетте, АКШ турат. Өзүнүн лидерлигин  дүйнө жүзүнө орнотууда, түрдүү каражаттарды колдонуудан деле баш тартпайт. А балким, мусулман дүйнөсүнө марионеттик ислам түзүлүшүн киргизгиси келип тургандыр.

Америкалык  айрым эксперттер  АКШда Орто Азия, анын ичинде Кыргызстанда, өлкө ичинде гана эмес, ал өлкөлөр менен коншу мамлекеттер ичинде да туруксуздукту пайда кылган радикалдуу кыймылды көздөгөн саясат  бар экенин  ырасташат.  Американын  Кытайдагы  уйгур  радикалдык кыймылы менен Египеттеги “ Мусулман бир туугандар” кыймылын колдогону бул ырастоолорду бекемдегендей.

Мисалы, 2020-жылдын 6-ноябрында АКШ Чыгыш Туркестан Ислам кыймылын террордук уюм тизмесинен чыгарды.  Аналитиктердин айтуусунда: “Чыгыш Туркестан Ислам кыймылынын террордук уюм тизмесинен чыгуусу , жакынкы убакта Пакистан менен Афганистанда жайгашкан  лагерлер курал-жарак менен камсыздалат да, чет элдик инструкторлор Синьзян менен Орто Азия үчүн боевиктерди даярдай баштайт”.

Америкада болсо ,Россия менен айрым өлкөлөрдүн дарегине,  Америка жана башка өлкөлөрдүн ички иштерине “ кийлигишип”  жатат деген сөздөр күн сайын айтылып келет.  Бирок, 35 жылдан ашуун убактан бери АКШда бюджеттен каржыланган “Демократияны колдоо Улуттук фонду”, жана башка түзүмдөрү башка өлкөлөрдүн саясатына таасири этүү максатын көздөп келишүүдө.

Ушул фонддун  түзүүчүлөрүнүн бири Аллен Вайнштейндин минтип  айтканы бар: “Азыркы биз кылып жаткандардын көпчүлүгүн 25 жыл мурун ЦРУ жашыруун кылып келген”. Башка өлкөлөрдүн  иштерине кийлигишүү аракеттерин  жашырбастан, биздин акыбыз бар дегендей  ойдо экенин  АКШ жашырбай эле келет, деп белгилешет америкалык жана европалык эксперттер. “Демократияны алдыга жылдырууга” жамынышып, а бирок өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлошоорун адистер баса белгилешет.

2018-жылдын  19-декабрында  Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков  АКШ менен алакасын уланта берерин айткан. Жээнбеков: “Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн Европа союзу жана АКШ менен кызматташа беребиз” деген. Менимче, ал парламентке бийлик күчүн өткөрүүдө АКШ жардам берет деп ишенсе керек. Айрым эксперттердин ою боюнча, мунун артында АКШ турса да Жээнбековдун бийлигин сактап кала алган жок. Андыктан Садыр Жапаров да алданбашы керек.

Ошону менен бирге эле, АКШ улуттук руханий баалуулуктарга терс көз караштагы бейөкмөт уюмдарды колдоп жаткандыгына да көңул буруш керек. Чынында эле, мындай уюмдар  мусулман элдерине туура келбеген ой-максаттары менен , экстремисттик агымдардын пайда болуп, күч алышына түркү болушат. Жыйынтыгында, өлкөдө радикалдуу диний мамлекет пайда болушу мүмкүн, бирок анын артында Вашингдон турат.

Азамат Жаманак

Бөлүшүү