Эльдар Абакиров: Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек

Автор -

Акыркы  күндөрү Улуттук банктын тегерегинде болуп жаткан окуялар жакшы эмес. Мындай пикирин экономика министринин мурунку орун басары Эльдар Абакиров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бир кишини кызматтан алып коюу, ордуна башкасын алып келүү болуп эле жүргөн нормалдуу көрүнүш. Бирок ал кишинин кызматтан кандай жагдайларда кетип жатканы маанилүү.

«Кумтөрдүн» алтынын Улуттук банк сатып ала албайт, Сот  иштери бүтө элек жатып, Улуттук банк «Кумтөрдүн» алтынын сатып алса, бул жалпы Кыргызстандын экономикасына, Улуттук банктын резервдерине, сомго таасир этет. Ошон үчүн Улуттук банк алтынды түзмө-түз сатып албаганы, менимче, туура эле. Сатып алгандан баштап, бизге ар кандай санкциялар киргизилиши мүмкүн, ага жол бербеш керек. Ал алтынды башка жолдор менен сатып алып, сатыш керек. Эгер Улуттук банктын төрагасы «Кумтөрдүн» алтынын сатып албайт деген жүйөө менен жумуштан кетирилсе, менин жообум ушул. Улуттук банктын алтынды сатып алуусу бүгүнкү күндө кооптуу», -деди Абакиров.

Ал ошондой эле Улуттук банк тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан финансылык технологиялар боюнча өзгөртүүлөрдөн күмөн санап турганын кошумчалады.

«Финансы тармагында ишеним өтө чоң нерсе, Кыргызстанга ким акча берет-бербейт, Кыргызстанга инвесторлор акча салабы-салбайбы, айрым инвесторлор акчасын алып качып кетеби, бул түзмө-түз ишенимге байланыштуу. Айрым депутаттар айтып жаткан Фроловду мен тааныбайт экем, бирок ал тууралуу интернетте бир да жакшы жаңылык жок. 2008-жылы Орусияда бир банкты банкрот кылып, башка бир банкка сатып жибериптир. 2014-жылы Орусиянын Борбордук банкы анын лицензиясын жокко чыгарыптыр. Ал мыйзамды бузуп, көп жаман иштерди кылыптыр. Жеке компанияларга ушундай таасир эткен кишини Кыргызстандын Улуттук банкына, Кыргызстандын мыйзамдарына жолотпош керек. Ага ишеним жок.  Ал тууралуу жаңылыктарды баары − инвесторлор, дүйнөлүк донорлор, спонсорлор окуп жатышат. Бул  Кыргызстандын рейтингине жакшы эмес», -деди экономист.

Бөлүшүү