«Акыркы көч» тасмасы Бангладеште өткөн кинофестивалда мыкты деп табылды

Автор -

Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) кыргызстандык режиссерлордун «Акыркы көч» киносу «Эң мыкты тасма» деп табылды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган фестиваль 16-24 январь күндөрү онлайн форматта өтүп, анда 73 мамлекеттен 226 кино көрсөтүлгөнү айтылат.

Кинокартинанын режиссерлору — Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу. Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынан жана «Билимкана» фондунун колдоосу менен тартылган.

Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан.

«Акыркы көч» кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн «Темные ночи» кинофестивалына да катышып, тасманын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.

Бөлүшүү