Быйыл Кыргызстанга кирген түз инвестициялар үч эсе кыскарды

Автор -

2020-жылдын алгачкы тогуз айында чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 398,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9% азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Былтыр бул аралыкта 576,8 млн. доллар инвестиция келген эле.

Быйылкы тикелей инвестициялардын ичинен менчик капитал, кайра инвестицияланган пайда, насыялар жана башка салымдардын баары кыскарганы кабарланды.

Муну менен бирге инвестициялардын чыгып кетүү агымы көбөйгөнү байкалды. Былтыркы жылдын алгачкы тогуз айында 513,5 млн. доллар чыгарылып кетсе, быйыл бул мөөнөттө 719,1 млн. доллар чыгарылып кетти.

Кирген жана чыккан инвестициянын азайышын мурдараак мамлекеттик органдар коронавирус пандемиясы менен түшүндүрүшкөн. Кийин 5-6-7-октябрдагы массалык баш аламандык окуялар да бул көрсөткүчтү дагы начарлатары айтылган.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылы Кыргызстанга 1 млрд. 76 млн. долларлык түз инвестиция келип, 673 млн. доллардан ашык түз инвестиция кайра чыгарылып кеткен. 2018-жылы кирген сумма 851 млн. 743,6 сомду түзсө, 707 млн. 521,0 доллар чыгарылган.

Бөлүшүү