inDrive өзүнүн платформасында ишенимди жана калыстыкты жогорулатуу максатында SHIELD менен өнөктөш болду

Автор -

inDrive, дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан саякаттарды брондоо кызматы SHIELD менен өнөктөштүк жарыялады.

Device Intelligence технологиясы SHIELD менен биргеликте фейк аккаунттарды бөгөттөөгө, клондук аккаунттарды түзүүгө жол бербөөгө жана»автокликтердин» ишин бөгөттөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Дүйнөдөгү экинчи эң популярдуу мобилдик колдонмо катары inDrive 47 өлкөнү жана 700+ шаарды камтыйт. Бүгүнкү күнгө чейин, тиркеме 150 миллиондон ашык жолу жүктөлүп алынган. Платформа жарандарга багытталып, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө маршруттун же башка критерийлердин негизинде келишимдүү бааларды коюуга мүмкүндүк берүү аркылуу адилетсиздик менен күрөшөт.

SHIELD кызмат көрсөтүү тармагында алдамчылыкка каршы эң мыкты кызмат.

Колдонмонун клондору шылуундар тарабынан уурдалган маалыматтар менен жасалма аккаунттарды түзүү же текшерилген аккаунттарды бузуп алуу үчүн колдонулат, бул сизге бир эле түзмөктөн колдонмону кайра-кайра көчүрүүгө жана бир нече аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, кылмыш иштеринин чөйрөсүн кеңейтет. Шылуундар клондолгон аккаунттардын негизинде ачык айкын саякаттоого жана мыйзамсыз түрдө сыйлык алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Шылуундар жасалма аккаунттар аркылуу, GPS бурмалоонун негизинде бир аймакта жогорку суроо-талапты пайда кылышып, баанын  көтөрүлүүсүнө жол ачат.

Жасалма аккаунттар бир аймактагы жалган  суроо-талапты жогорулатуу үчүн GPS бурмалоолорун да колдонушу мүмкүн, бул шылуундардын пайдасына жарап, баалардын кескин көтөрүлүшүнө алып келет.

SHIELD компаниясынын тобокелдик аналитика бөлүмү жеке аккаунттардын маалыматын колдонбостон анализ жүргүзгөндүгү, inDrive тиркемесинин иш-аракеттери мыйзамдуу түрдө маалыматтарды коргоого жана купуялуулугуна  жооп берет.

Арсен Томский inDrive компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүсү:

“inDrive адилетсиздик менен күрөшүүгө арналган жана мобилдүүлүк менен транспортто ачык-айкындуулукту,  калыстыкты сактоого умтулат. Биздин SHIELD менен болгон өнөктөштүгүбүз биздеги тез өсүү темпин сактап, адамдарга жардам берүү жана баарына ишеним жана адилеттүүлүктүн эң жогорку стандарттарын жеткирүү боюнча максатыбызда ишенимдүү калууга мүмкүндүк берет».

Джастин Ли (Justin Lie) SHIELD компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору:

«InDrive кардарлардын келишим баасын түзүүнүн революциялык модели жана авто унаа аркылуу саякаттоонун жаңы деми. Ишеним — бул эки тараптуу мамиле жана SHIELD inDrive’га адилеттүү бааларды жана чыныгы айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн бирдей шарт түзүп берүүгө жардам бергени менен сыймыктанат.»