Быйыл алтын сертификатка ээ болгондордун арасынан Данияр Ибраимов эң көп балл алды. Бирок абитуриент аны колдонбой калышы мүмкүн. Анткени, Данияр Маскөө физикалык-техникалык институтуна бюджеттик окууга өтүп кетти.

Алтын сертификаттын ээлери Кыргызстандын жогорку окуу жайларына экзамен тапшырбастан өтө алышат. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев сертификаттарды өз колунан тапшырды.

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн билим берүү жана окутуу усулдар борборунун директору Инна Валькова айтып бергендей, быйыл тесттин жыйынтыктары былтыркыдан айырмаланган жок.

Бөлүшүү