Экс-муфтий элге кайрылуу жасады (видео)

Автор -

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек Токтомушев элге видео кайрылуу жасап,  президенттин саясатын колдоого үндөдү. Кайрылууну Facebook тармагына Рустам Калматов аттуу колдонуучу жарыялады.

«Мени чет өлкөгө качып кетти деп жатышат. Бирок мен Бишкекте элемин, үй-бүлөмдүн жанындамын. Келгиле, биримдикке келели. Өлкө учурда башынан катаал учурларды өткөрүп жатат. Жакында президенттин инаугурациясы болуп, учурда бизди дүйнө коомчулугу тыкыр карап турган кез. Ар кимибиз ар кайсы жакка тарта берсек, эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Бир кишиге баш ийип, президентибиздин саясатын колдойлу. Буюрса баары жакшы болот. Бардыгы иликтенет», — деди Токтомушев.

 

10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган.

Ушул эле күнү муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушев кармалганын УКМКдан билдиришкен. Андан соң баш коргоо чарасы тандалып, Биринчи май райондук соту Токтомушевди сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү