2015-жылдан тарта Өзбекстан пайдаланып келген объекттерди кайтарып алгандыгы тууралуу өкмөт тараткан маалымат жалган. Мындай пикирди экс-депутат Турсунбай Бакир уулу журналистерге билдирди.

«Мен Кара-Суу районунан болом. Савай каналы биздин айылдан өтөт. Андан келген сууну Кыргызстан да пайдаланып келет. Жылда өзбектер келип, каналды тазалап кетишет. Эгерде өкмөт айтып жаткан 28 км узундуктагы Савай каналы бизге өткөн болсо, мен биринчи укмакмын. Айылдагылар дароо мага билдиришмек» , — деди саясий ишмер.

Анын айтымында, депутат болуп шайланганда жергиликтүү калк ушул маселени чечип берүүнү суранган. Бирок мурунку президенттер Акаев да, Бакиев да чече алган эмес. «Мен ишенбейм өткөрүп алганына», — дейт Турсунбай Бакир уулу.

Сүрөт: fergananews.com
Сүрөт: fergananews.com

Аксыдагы чек ара чыры чыкканда өкмөт окуянын себебин Өзбекстан пайдаланып келген объекттерди Кыргызстан кайтарып алгандыгы менен түшүндүргөн. Өкмөттүн токтомунун негизинде Өзбекстандан Кыргызстандын ээлигине толук өткөн деп жарыяланган төмөнкү объекттер болчу:

Жалал-Абад облусу: Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы, Чоң Наманган каналы (12,9 км), Чуст каналы (14,5 км), Ноокен районундагы “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км).

Баткен облусу: Сох-Шахимардан каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана транспорттук техникаларды башкаруу автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжай районундагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери.

Ош облусу: Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал, Савай каналы (28 км).

Орто-Токой суу сактагычынын да өткөрүлүп алынгандыгы жалган экенин жергиликтүү тургундар айтып чыгышкан эле.