3-4-июнда Бишкек шаарында ата-мекендик ишканалардын өндүрүштүк потенциалын таанытуу максатында ири көргөзмө өтөт.

«Made in Kyrgyzstan» EXPO аталышындагы биринчи жолу боло турган эл аралык көргөзмөгө 50дөн ашык ишкана катышат. Максаты жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын эл аралык аренага алып чыгуу менен чет элдик инвесторлорду жана бизнес-партнерлорду кызыктырып, чогуу иштешүүгө үндөө болуп эсептелинет.

Айыл чарба, тамак-аш, жеңил өнөр жайы жана текстиль, эмерек жасоо жана жыгач иштетүү менен, курулуш жана туризм тармагында алектенген жергиликтүү ишкерлер жана ишканаларга өзүнүн өндүргөн продукциясын эл алдына көрсөтүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Көргөзмөгө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн бизнес адамдарынын делегациялары келет. Анын алкагында в2в (бизнес үчүн бизнес) форуму, аутист балдарды колдоого арналган шоу-концерт жана соодагерлерге арналган мастер-класстар болот»,– деп билдирет көргөзмөнү уюштуруп жаткан Америкалык соода палатасынын менеджери Наргиза Калдыбаева.

Бөлүшүү