«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовго кечээ БШКдан чалып маселе карала турганын айтыптыр.

Анын айтымында, алар маселенин туюндурмасын, күн тартиби тууралуу айткан эмес.

«Ошондуктан БШКнын иш-аракетине ишенбөөчүлүк жаралды. Доо арызды Биринчи май райондук сотуна бердик», — дейт эл өкүлү.

Бүгүн БШКда Саматовдун кош жарандыгы бар деген маалыматтын негизинде анын депутаттык мандатынан ажыратуу маселеси каралмак.

Ал буга чейин үч жолу мандатынан ажыратылып, Жогорку соттун чечими менен кайрадан мандатын алган.

Бөлүшүү