Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн укук коргоочулар тарабынан жазылган арыз кароону улантууда.

Мурунку өткөн сот отурумунда Азиза Абдырасулова 2 млн сом доо суммасын 10 млн сомго көтөргөн.

Бүгүн болсо Төлөйкан Исмаилова дагы 10 млн сом талап кылып жатат.

Алардын айтымында, президенттин айткан сөзүнөн жакындары жана өздөрү моралдык жактан жабыркаган.

Отурумга катышкан президенттин өкүлүнүн айтымында, президент Крыловдун тамсилин мисал кылып келтиргенде эч бир адамдын аты-жөнү аталбай эч кимдин аброюна шек келген эмес.

Алар сотко Атамбаевдин келүүсү тууралуу сунушун айтышкан. Бирок сот Алмаз Калыбаев сунушту четке какты.

Соттук жарыш сөз эртең 10:00гө белгиленди.

Атамбаев «Элдик парламенттин» жыйынына катышкан Абдырасулова менен Исмаилованы «грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр», “өлкөдө төңкөрүштү жасоону пландайт” деп сындаган. Ошондой эле укук коргоочулар билдиргендей, президент Крыловдун тамсилин мисал келтирип, аларды шылдыңдаган.

Мындан кийин алар митинг өткөрүп, президент сөзүн артка кайтарып, кечирим сурабаса, сотко беребиз деп билдиришен. Мамлекет башчы тарабынан жооп болбогондуктан, сотко кайрылышып, ар бири 2 миллион сомдон компенсация сурашкан.