Чемпионатка чыгуу бир гана оюнчулардын эмес, алардын насаатчыларынан да көз каранды. Стратегия, тактиканы түзүп, ар бир оюнга өз алдынча ыкмаларды иштеп чыккан машыктыруучулар команданын ийгилигине себепкер болот. Бул рейтингде кайсы командалар өз тренерлерине “көбүрөөк ыраазы” болгонун көрсөтөбүз.

Goal.com порталы Евро-2016да ойноп жаткан командалардын насаатчыларынын киреше тизмегин чыгарып берди.

Биринчи орунда Англиянын машыктыруучусу  Рой Хожсон турат. Ал бир жылда 5 млн еврого чейин табат. Экинчи орунда Италия курамасынын башкы машыктыруучусу Антонио Конте турат, анын бир жылдык маянасы 4,6 млн еврону түзөт. Ал эми бул үчилтикти Түркиянын курама командасынын башчысы Фатих Терим жабат, анын кирешеси 3,5 млн еврону түзөт.

Евро-2016га чыккан тренерлердин маянасы:

  1. Рой Ходжсон (Англия) – 5 миллион евро
  2. Антонио Конте (Италия) – 4,6 млн евро
  3. Фатих Терим (Түркия) – 3,5 млн евро
  4. Йоахим Лев (Германия) – 3,2 млн евро
  5. Висенте Дель Боске (Испания) – 3 млн евро
  6. Дидье Дешам (Франция) – 2 млн евро
  7. Марсель Коллер (Австрия) – 1,5 млн евро
  8. Фернандо Сантуш (Португалия) – 1,2 млн евро
  9. Мартин О’Нилл (Ирландия) – 1 млн евро
  10. Бернд Шторк (Венгрия) – 1 млн евро
  11. Владимир Петкович (Швейцария) – 750 миң евро
  12. Марк Вильмотс (Бельгия) – 750 миң евро
  13. Ларс Лагербек (Исландия) – 430 миң евро
  14. Майкл О’Нил (Түндүк Ирландия) – 320 миң евро
  15. Джанни Де Бьязи (Албания) – 280 мин евро
  16. Крис Коулмэн (Уэльс) – 260 миң евро
  17. Анте Чачич (Хорватия) – 250 миң евро
  18. Павел Врба (Чехия) – 220 миң евро
  19. Адам Навалка (Польша) – 200 миң евро
  20. Эрик Хамрен (Швеция) – 200 миң евро
  21. Ян Козак (Словакия) – 180 мин евро
  22. Михаил Фоменко (Украина) – 170 миң евро
  23. Ангел Йордэнеску (Румыния) – 120 миң евро
  24. Леонид Слуцкий (Орусия) – жыйынтыкка жараша бонустар
Бөлүшүү