Бул боюнча “Чоң жетиликке” кирген мамлекеттер Жапонияда өткөн эки күндүк сессиянын жыйынтыгы менен коммюнике кабыл алышты.

Уюмдун расмий сайтында жарыяланган документте айтылгандай, G7 Маскөө менен диалогду сактоо зарыл экенин белгилейт. Бирок, уюмдун пикиринде, Орусия минск келишимдерин толук аткарбай жатат.

“Санкциялардын мөөнөтү Орусия Минск келишимдерин толук аткарышына жараша болот. Маскөө аларды аткарса, санкциялары алынышы мүмкүн”, — деп декларацияда айтылат.

Булак: slon.ru

Бөлүшүү