Кыргызстан Европа биримдигине GSP+ схемасы менен товар экспорттоо укугуна ээ 15-өлкө болду. 

Кыргызстан ПЖТ+ (Преференциялардын жалпы тутуму) статусун алуу менен 6000 аталыштагы товарларды кошумча төлөмсүз ЕБга мүчө 28 өлкөгө экспортко чыгара алат.

«Бүгүнкү өтүп жаткан иш-чаранын миссиясы бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнө ПЖТ+ схемасын таанытууга, маалымат берүүгө арналат. Мурун ишкерлер экспортко чыгарууда 5-9%га чейин төлөмдөрдү төлөп келишсе, эми нөлдүк тарифтер менен чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат», — деди экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров.

Кыргызстан ПЖТ+ менен айыл чарба азыктарын, алардын арасында кайра иштетилген жемиштер (консервалар, ширелер), кургатылган жемиштер жана жаңгактар (грек жаңгагы, бадам, мистелер), чийки заттар (төө буурчак, бурчак), азык өнүмдөрү, тамеки, текстиль буюмдары, кийиз буюмдары, кийим-кечелер жана килемдер кирген.

Бөлүшүү