Якуттардын улуттук оюну дүйнө жүзүнө жайылып, мас рестлинг деген аталыш менен таанылган. Таяк тартыш экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди.

Көчмөндөрдүн «Олимпиадасы» 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Быйылкы оюндарга 40 өлкөдөн спортчулар келип, спорттун 25 түрү боюнча ат салышат.

Биринчи бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун он түрү киргизилген. Чет өлкөдөн бир гана казак күрөшү кошулган болчу. Калганын кыргыз элинин спорттук оюндары түзгөн. Бул жолку Көчмөндөр оюндарына 25 спорт түрү киргизилип жатат. Алардын ону гана кыргыз оюндары, калгандары бөлөк көчмөндөрдүкү. Арасында түркмөн күрөшү, азербайжан күрөшү, түрк күрөшү жана казак күрөшү бар.

Быйылкы оюндарда 15 спорт түрү ойнотулат, ичинде төртөөнүн дагы өзүнчө түрлөрү бар. Ошолордун баарын кошкондо жалпы 25 оюн боюнча мелдештер өтөт. Алардын арасында өзгөчө шаңдуу, бүйүр кызытаарлык спорт түрлөрүн кездештирүүгө болот. Маселен, якут элинин улуттук «Таяк тартыш» оюну кыргыз спорт ышкыбоздоруна алгачкы жолу тартууланмакчы.

Таяк тартыш

Бул оюндун эрежелери аябай жөнөкөй. Аты айтып тургандай, эки оюнчу бетме бет отуруп, ортодогу тактага тамандарын тирешет да, атаандашынан тыякты тартып алууга аракеттенишет.

Дүйнөдө мас-рестлинг деп аталган бул оюн спортчунун абдан күчтүү болуусун талап кылган, өтө сейрек учуроочу оюн. Таяк тартышта спортчулар карама-каршы отуруп, буту менен кырынан коюлган тактайды тээп, ошол тактайга удаа турган таякты эки колдоп кармашып тартышат.

Мелдеш калысынын ышкырыгы менен тартышуу башталат. Таякты атаандашынан сууруп алган спортчу жеңүүчү аталат. Ар бир таймаш эки утушка чейин болот жана эки же үч кармашуудан турушу мүмкүн.  Алгачкы расмий эрежелер 1945-жылы иштелип чыккан, андан кийин төрт ирээт кайрадан каралып, жакшыртылган.

Бөлүшүү