Эми чек ара маселелерин тескей турган өзүнчө вице-премьер-министрлик кызмат орду түзүлөт.
Бүгүн парламентте өкмөттүн түзүмүнүн өзгөртүү маселеси каралды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төмөнкү сунуштарды киргизди:
- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин базасында өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетин түзүү
 - Айыл чарба жана мелиорация министрлигине азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү үчүн кошумча функцияларды ыйгаруу
 - Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана электрондук башкаруу борборунун базасында маалыматтык технологиялар мамкомитетин түзүү
 - Экономика, транспорт министрликтеринин, мамкаттоо кызматынын, геология жана минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын кыскартуу
 - Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекцияга кендерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияларды кошуп берүү.
 






























