Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштаган эле. Парламент 22-июнда аны колдоду. Эми өкмөттө айрым мекемелердин функциялары бириктирилип, жаңы кызмат орундары пайда болду. Бүгүн депутаттар алардын жетекчилерин бекитти.

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү:

  • Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр — Жеңиш Раззаков
  • Айыл чарба, мелиорация жана азык-түлүк өнөр жайы министри – Турдуназир Бекбоев
  • Транспорт жана жолдор министри – Замирбек Айдаров
  • Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетинин башчысы – Дүйшөнбек Зилалиев
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитетинин башчысы – Бакыт Шаршембиев

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун айтымында, чек ара маселелери боюнча вице-премьердин кызмат орду Жогорку Кеңештин сунушу менен түзүлдү.